"8 миллион сомдон ашык суммада жүк кармалды". Баткен облусунда аткезчиликке бөгөт коюу чарасы жүрүүдө



Баткен облусундагы аткезчиликке бөгөт коюу боюнча атайын Баткен облусунун чек аралаш аймактарында аткезчиликке каршы аракеттер күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, бажы өткөрмө жайларынан мыйзамдуу түрдө жүк алып өтүү көбөйгөн. Натыйжада мамлекетке түшкөн бажы төлөмдөрү кескин түрдө өскөн.
"Лейлек районунда жайгашкан Кайрагач өткөрмө жайы аркылуу эле былтыр, 2019-жылдын ушул мезгилине айыл чарба продукцияларынан 15 миң сом бажы төлөмдөрү түшкөн болсо, 2020-жылы 5 миллион 200 миң сомго жакын бажы төлөмдөрү түшкөн.
Ал эми аткезчилик боюнча Баткен бажысы тарабынан 2020-жылдын 1-январынан 1-майга чейин 42 бажы эрежелерин бузуу фактысы катталган. Ал үчүн кылмыш иши козголуп, 189 миң сом айып пул салынып, толугу менен өндүрүлгөн.
Бузуу иштери боюнча 639 миң 252 сом бажылык төлөмдөр өндүрүлгөн.
14 факты боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекетке 1 миллион 856 миң 136 сом өндүрүлгөн.
2020-жылдын 1-майынан 12-майына чейинки аралыкта 7 факты аныкталып, 31 миң сом айып пул салынып, өндүрүлүп, 99 миң 484 сом бажылык төлөмдөр өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен, Лейлек райондору жана Баткен, Сүлүктү шаарлары боюнча бөлүмүндө 2020-жылы 14 факты аныкталып, кылмыш иши козголгон. Жалпы келтирилген зыян 6 миллион 978 миң 21 миң сом.
Ал эми аталган мекеменин Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары боюнча бөлүмүндө 2020-жылы 4 факты аныкталып, кылмыш иши козголгон. 4 факты боюнча мамлекетке 44 миллион 100 миң сом өндүрүлгөн. Ошондой эле 2020-жылдын май айынын башында 5 оор жүк ташуучу автоунаа кармалып, кылмыш иши козголгон.
Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 1-январынан бери 11 факты катталган. Кармалган жүктөрдүн жалпы баасы 8 миллион 104 миң 723 сомду түзгөн".
Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 1 факты аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.








1 |