super.kg logo

"10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт". Медициналык адистердин тобу Нарын облусуна жөнөп кетти

 

Нарын облусунда түзүлгөн коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбор калаадан 14-майда медициналык адистердин эсеп боюнча тогузунчу тобу жөнөп кетти.

Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматолог кирген. Алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен операция жасоочу дарыгер, акушер-гинеколог Нарын облусундагы Ат-Башы районуна жөнөтүлгөн.

"Ар бир медицина кызматкери керектүү өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздалды. Иш сапарга байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле негизги иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо менен кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле эпидемиологиялык фонддон каржыланат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.05.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайтканда жоо каласынар! Аны да унутпагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: