super.kg logo

"Обсервацияда жаткандардан чыккан таштандыны эч кандай коргоочу кийими жок адам Спринтер менен ташып жатат" дейт окурман (видео)

 

Мурунку Ганси авиабазасында жайгашкан обсервацияда жаткан адамдардын чыккан таштандыларды эч кандай коргоочу кийимдери жок эле адам Спринтер менен ташып кетип жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирип, видео жөнөткөн.

Видеодо бет кап эле кийип алган адам таштандыны унаага салып жатканын байкоого болот. Ал эми окурмандын "тамак-аш куюлган бир колдонуучу желим идиштерди кайра жууп алып келесиңерби?" деген суроосуна таштанды ташыган адам алар өрттөнөт деген жооп узаткан.

Окурман вирус жуктуруп алышы мүмкүн деген шек менен обсервацияда жаткан адамдардан чыккан таштандыны эч кандай коргоочу каражаты жок адамдын жыйнап жаткандыгы анын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин белгиледи.






Обсервацияда жаткандардан чыккан таштандыны эч кандай коргоочу каражаты жок адам жыйнап жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: