super.kg logo

"Вирус аныкталган жарандар менен катнашта болгон адамдардан кайталанып тест алынбай, дезинфекциялоо иштери да жүргөн жок" дейт Соль-Илецк шаарынан келген жаран

 
Орусияда тест тапшырып жаткан учур.
Обсервация катары колдонулуп жаткан жер.
Обсервациянын абалы жакшы, бирок берген тамактары анча эмес.
Бул ачып-жапкан терезе аркылуу тамак берилет.

Буга чейин Орусиядан келе жаткан мекендештерибиз Казакстан менен чектеш жерде жайгашкан Соль-Илецк шаарында орто жолдо калганын айтышып, бир нече жолу кайрылуу жолдошкон. Алар өз кайрылууларында ал жакта 200дөн ашуун адам бар экенин билдиришип, көпчүлүгү өз унаасы менен экенин айтышкан.

Алар тиешелүү жактарга Казакстандан өз унаалары менен өтүүгө уруксат алып, жашыл коридор түзүп берүүнү суранышкан. Жыйынтыгында казак тарап атайын медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө автобустар менен гана өткөнгө көнгөн.

7-майда Соль-Илецктен 541 Кыргыз жараны өлкөгө алып келинип, обсервацияга алынган. 10-майга карата алардын ичинен 55 адамдан коронавирус аныкталган.

Азыркы тапта мурунку Ганси авиабазасында жайгашкан обсервацияда жаткан мекендешибиз биздин суроолорго жооп берүүгө макулдугун берип, бирок анонимдүү бойдон калууну каалады.

- Абалыңыздар жакшыбы? Качан келдиңиздер, обсервацияда жатканыңыздарга канча болду?

- Бизди мекенибизге алып келишти ага ыраазычылык билдиребиз. Негизи чек арада жатканда жарандардын саны 200гө чукул эле, бирок казак тарап уруксат бергенден кийин тизмелер үч күн такталып, башка аймактардан да мекендештерибиз келди. Ошентип отуруп адамдардын саны 500дөн ашып кетти. 10 автобус менен келдик.

Кыргыз өлкөсүнө келгенде Кантка жана Ганси авиабазаларындагы обсервацияларга бизди бөлүп жайгаштырышты. Алгач 3 күн жатасыңар деген, андан кийин 14 күндөн кийин чыгасыңар деди. 3 күн өткөндөн кийин биз менен келгендерден вирус аныкталды деп аларды алып кетишти. Бирок биз алар менен бир унаанын ичинде келип, алардан оорунун эч кандай белгилерин байкаган эмеспиз. Кеткенден кийин алар менен катнашта болгон бизди көзөмөлгө алып, тест тапшыртып, жаткан жерибизде тазалоо иштерин жүргүзүш керек болчу, бирок дезинфекциялоо иштери жүргөн жок.

Мындан сырткары оору аныкталды деп алынып кеткен жарандар кайра тест тапшырбаганын, жөн эле жатышканын, оорунун белгилери байкалбаганын байланышканда айтып жатышат.

- Обсервацияда чыккан пикир келишпестиктер тууралуу жана ал жактан качып кеткендер тууралуу кабарыңыз барбы?

- Ал эми обсервацияда болгон пикир келишпестик тууралуу айтсам коомчулукта бул тууралуу туура эмес ой-пикирлер жаралып, бардыгыбыз жаман аттуу болуп жатабыз.

Биз Орусиянын аймагында жаткан учурда ал жактан улам-улам тест тапшырып жаттык. Тесттин жыйынтыктары жакшы чыгып атты. Мекенибизге кайтып келе жаткан учурда да Казакстандын медицина кызматкерлери тест алып, таза деген маалымкат берип, анан автобустарга отурганбыз.

Ал эми эч ким тополоң салып, эрежелерге баш ийбей медициналык кызматкерлер менен урушуп-талашкан деле жок. Болгону эмне себептен бизден кайра тест алынбай жатканын сурап жатып эле кичине пикир келишпестик болду.

Кантта обсервацияга алынгандар үйлөрүнө жиберилиптир. Бизди качан чыгарышат белгисиз.

Маектин аягында окурман эгерде алынып кеткен жарандардан вирус аныкталганы чын болсо, анда алар менен чогуу келип катнашта болгон адамдарды дагы тыкыр көзөмөлгө алып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшү керек экендигин баса белгиледи.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: