Өзбекстанда 1 суткада 8 адамдан коронавирус аныкталды

Өзбекстанда акыркы суткада 8 коронавирус жуктурган адам катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.
"14-май күнү коронавирус жуктурган жаңы 8 адам аныкталды. Ага байланыштуу өлкөдө вирус менен ооругандардын жалпы саны 2 миң 620га жетти. 533 бейтап ооруканада дарыланууда, анын 11инин абалы оор. 11 адам коронавирустан каза болуп, 2 миң 76 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.