ӨКМ: "Кооптуу тилкелерден 92 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү"
Кооптуу тилкелерден 92 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров бүгүн, 14-май күнү ӨКМнын тиешелүү жетекчилери менен ыкчам жыйын өткөрдү. Анда аба ырайынын өзгөрүүсү боюнча берилип жаткан шашылыш эскертүүлөрдүн негизинде алдын алуу жумуштары боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматтарын укту. Кырсыкты болтурбоо боюнча кошумча тапшырмаларды берди.
Аталган министрликтин Калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу, майор Абдыманап Гүлжигитов республикабыздын аймагындагы кооптуу тилкелерде жашап жаткан үй-бүлөлөрдү убактылуу коопсуз тилкеге көчүрүү максатында ӨКМ тарабынан Ош облусунун аймагында 106, Баткен облусуна 10 жана Жалал-Абад облусуна 22 чатыр, жалпы 138 даана чатырлар бөлүнүп, коопсуз аймактарга орнотулуп берилгендигин маалымдады. Анын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө кооптуу тилкелерден жалпы 92 үй-бүлө көчүрүлүп, алардын ичинен 23 үй-бүлө убактылуу тигилген чатырларда, ал эми 69 үй-бүлө туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн. Маалыматты уккан министр Замирбек Аскаров жумушту мындан ары да жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ыкчам жүргүзүүнү ӨКМ облустук башкармалыктарынын башчыларына милдеттендирди.
"Учурда милдет бөлүп, менин жумушум, сенин жумушуң деп отурууга убакыт жок. Жер кайра-кайра титиреп, жаан-чачын тынымсыз жаап жатат. Ар бир жараныбыздын өмүрү биз үчүн кымбат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү иштерин ыкчам улантуу зарыл. Ошондой эле, сел жана суу ташкындарынын алдын алуу жумуштары токтоосуз уланууга тийиш", - деди министр Замирбек Аскаров.

