super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 4 жарым миллионго чукулдады

 

15-майга карата дүйнөдө 4 миллион 438 миң 371 адам коронавирус илдети менен катталды. Анын арасынан 1 миллион 586 миң 257 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылып, 302 миң 115 адам дүйнө салды.

АКШ дагы деле коронавирус инфекциясынын жайылуусу боюнча дүйнөдө биринчи орунда. Өлкөдө 1 миллион 417 миң 350 адам коронавирус илдетин жуктурганы аныкталды. Алардан 246 миң 414 адам илдетти жеңсе, 85 миң 884 бейтап өлүмгө моюн сунду.

Орусияда 252 миң 245 адам вирус жуктурганы белгилүү болду. 53 миң 530 бейтап сакайып ооруканадан чыкса, 2305 адам көз жумду.

Улуу Британияда 234 миң 440 адам коронавирус илдетин жуктуруп катталды. Андан 1043 бейтап ооруканадан айыгып чыкса, 33 миң 693 адам дүйнө салды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: