super.kg logo

Угандада крокодилдер айылга кирип, жашоочуларга кол салууда

 

Чыгыш Африкада жайгашкан Уганда мамлекетинде крокодилдер айылдарга кирип, адамдарга кол салууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Акыркы кезде Угандада катуу жааган жамгырдан Уганда жана Конгонун чек арасында жайгашкан Альберт көлү жээгинен ташып, айылдагы үйлөргө чейин жеткен. Буга байланыштуу суу каптаган айылдарга көлдөгү крокодилдер да келип, бир аптада эле 4 кишиге кол салып, майып кылган. Жергиликтүү тургундар жапайы жаратылыш боюнча мамлекеттик ведомстволор жырткычтарды кармап, айылдан алып чыгат деп күтүшкөн. Бирок аталган уюм бул кырсыкка элди күнөөлөөдө. "Эл көлгө баруусун токтотуусу керек. Көл корокодилдер жашай турган аймак", - дейт ведомствонун өкүлү Башир Янги. Ал эми жашоочулар көлдүн суусуна муктаж экендигин билдирет. "Биз көлдүн суусуна көнүп калганбыз. Суу түтүктөрүнөн келген сууну ичүү үчүн гана колдонобуз, кала берсе андай сууну сатып алуу баарынын чөнтөгүнө туура келбейт", - дешет тургундар.

Белгилей кетсек, Альберт көлүндө узундугу 5 метрге жеткен Нил крокодилдери жашашат. Алар абдан агрессивдүү келип, носорог, акыра, арстан, буйволго чейин кол салып, жеп коюшу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.05.2020. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташып дегиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: