super.kg logo
  Саясат  

ЖКда мамрезиденциянын аймагындагы дачаларды жеке менчикке гана сатууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат

 

Парламентте “КРнын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууланууда. Мыйзам Мамлекеттик резиденциянын аймагындагы дачаларды жеке менчикке сатууга тыюу салат. Белгилүү болгондой, өлкөгө эмгеги сиңген мамлекеттик кызматкерлерге резиденция аймагынан дачалар берилген. Ал дачаларды ээлери кайра сата турган болсо жеке менчикке эмес мамлекетке гана сатууга болот. "Эгер дача ээлери "дачанын зарылдыгы жок, сатам дегендер мамлекетке гана сатсын. Кокус Батукаев же Көлбаев сатып алып, резиденциянын аймагында жашап калышса эмне болот?!"- деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев.

Ал эми депутат Талантбек Узакбаев резиденциянын аймагынан берилген дачаларды ошол дача ыйгарылган адамдын көзү өткөндөн кийин мамлекетке кайтарып алуу керектигин айтты. "Резиденция алардын балдарына калбашы керек. Балдары иштеп, мамлекетке салым кошуп анан жетсин андай дачаларга. Муну мыйзам аркылуу жөнгө салышы керек",- деди Узакбаев.

Айта кетсек, учурда Мамлекеттик резиденциянын аймагында Чыңгыз Айтматовго, Турдакун Усубалиевге жана Абсамат Масалиевге берилген дачалар бар. Ал жерде учурда аталган инсандардын жакындары жашашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: