super.kg logo

"Нарында коронавирустан каза болгон аялдын жаназасы мүрзөдөн эле окулуп, жерге берилди". Айыл башчы окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берди

 

Коронавирустан каза болгон 84 жаштагы аял киши Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Куланак айылынын тургуну. Анын буга чейин өпкөсү ооручу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын башчысы Окен Өмүралиев билдирди.

"Каза болгон адам буга чейин апрель айында айылдагы ооруканада 10 күндөй дарыланып чыккан. Анын өпкөсү ооручу экен. Маркум аялдын Нарын шаарында кызы жана келини дарыгер болуп иштечү. Бул киши акыркы убакта Нарын шаарында дарыланып жаткан. Каза болгон адам вирусту ошол жактан жуктурушу мүмкүн. Ал Нарындагы ооруканада каза болду.

Анын сөөгүн кечээ күнү "Тез жардам" кызматы менен алып келип, мүрзөдөн эле жаназасы окулуп, жерге берилди. Эч кандай сөөк коюу каадасы болгон жок. Жаназага дагы аз эле адам катышты. Анын дагы бир келини мектепте мугалим болуп иштечү. Ал чогуу иштешкендер менен жолугуптур. Азыркы учурда ким келини менен контакт болсо жашырбай айткыла деп тактап жатабыз. Айыл толугу менен карантинге алынды. Дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деди айыл башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.05.2020. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачыгын айткыла!Журоктон каза болгон деп жатышпайбы!?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: