super.kg logo

Министрлик: "Мектептердеги класстан класска көчүрүү экзамендери жокко чыгарылды"

 

Мектептердеги көчүрүү экзамендери убактылуу жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда билим берүү жана илим министринин орун басыры Надира Жусупбекова онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Жыйында быйылкы окуу жылы 30-майда аяктары айтылды.

"Быйыл жазгы каникулдар созулуп кеткенине байланыштуу, ошондой эле майрамдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен ушундай чечим кабыл алынды. Бул убакытта окуучулар окуу программасын толук өздөштүрүп, мугалимдер педагогикалык, усулдук иштерин бүтүрүп алышы керек.

Ошондой эле жылда жүргүзүлүп келген класстан класска көчүрүү сынактары жоюлду. Быйыл шартка байланыштуу экзамендин жыйынтык баасы дистанциялык түрдө, ар бир баланын жалпы жылдык жетишкендигин эске алуу менен коюлат. Бирок окуу жылынын башында, тагыраагы, сентябрь айында коррекциялоочу, толуктоочу материалдар өтүлүп, анын негизинде кайталоо сабактары болот"
, - деди Надира Жусупбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: