super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Мамрезиденцияда президент жана анын аялы өмүрү өткүчө жашаганы туура"

 

"Мамлекеттик резиденцияда президенттин жана анын аялынынын өмүрүнүн аягына чейин жашаганы туура. Бирок алардын балдары үчүн ал аймактан турак-жай берилбеши керек". Муну ЖКнын 4-сентябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев айтты. "Президент жубайы менен өмүрүнүн аягына чейин жашашы керек. Бул президенттин бийликке тырмышпай, өз кызматын учурунда тапшырып берүүсүнө да шарт түзөт. Ал "президенттиктен кетсем көчөдө элдин көз алдында калып, ыңгайсыз абалда калам" деп ойлобой бийликке жармашпай калат. Убагында болду эле го аялы президенттин ишине киришип "экинчи, үчүнчү мөөнөткө шайлоого бар" дегендер. Эгер резиденциядан үй-жай бербесек, аялы "бийлигиңди дагы узарт" деп айтышы мүмкүн да",- деди эл өкүлү. Муну башка депутаттар да колдошту. 

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: