Кубатбек Боронов: "Обсервацияда ар бир бөлмөдө экиден ашык адам болбоого тийиш"
Бүгүн, 15-майда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов обсервациялык орундарды даярдоо маселесине токтолду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
"Алар санитардык талаптарга жооп бериши керек, ар бир бөлмөдө экиден ашык адам болбоого тийиш. Чет жакта жүргөн жарандарыбыз келип жатышат. Алардын арасында каникулга үйүнө кайтып келе жаткан студенттер бар. Биз аларды илдетти жуктуруунун жаңы учурларына жол бербегидей жайгаштыруубуз керек", - деп белгиледи Кубатбек Боронов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.