super.kg logo

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-март күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарына караштуу талаада А.А. аттуу жаранды Б.Б. жана анын кылмыштуу шериктери Д.У., А.Т. жана башка тергөөдө аты-жөнү аныктала элек шериктери менен “сен зонанын акчаларын жеп коюпсуң” деп көптөп урушуп, денесине жараат келтиришкен.

Аталган факты Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Сузак районунун тургуну 1975-жылы туулган Б.Б. кармалып, 2 айга камакка алынды. Калган шериктерин жоопко тартуу боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: