super.kg logo

Гүлнора Каримованын Франциядагы 10 миллион доллары Өзбекстандын казынасына кайтарылды

 

Франция Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнора Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстандын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурасына кайтарып берди.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каражат Өзбекстандын мамлекеттик казынасына которулуп берилген жана негиздүү иштерге жумшалат. Мындан сырткары Гүлнора Каримова карактаган башка каражаттарды да чет мамлекеттерден өлкөгө кайтаруу иштери учурда кызуу жүрүүдө.

Анда негизги басым Каримованын дагы 1 миллиард 3 миллион доллар каражатына жасалып жатат.

Өзбекстандын башкы прокуратурасы Гүлнора Каримовага карата кылмыш ишин эл аралык компаниялардын даттануусунун негизинде козгогон. Буга чейин прокуратура Каримовага 2015-жылы августта “опузалоо”, “акча уурдоо” жана “салык төлөөдөн качуу” беренелери боюнча айып коюп, беш жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Каримовага дагы “алдамчылык”, “чет өлкөлүк валютаны жашыруу”, “бажы мыйзамдарын бузуу” жана “кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо” беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, ал жалпысынан 13 жыл 4 айга камакта кала турганы айтылган. Ал эми ушул жылдын 25-февралда интернет айдыңында Гүлнора Каримованын өлкөнүн азыркы президенти Шавкат Мирзийоевге жазган каты пайда болгон.

Анда ал Шавкат Мирзийоевге кат жазып, казынага 686 миллион долларды кайтарып берүүнү сунуштаган.

Каримова биринчи абактан экинчи абакка которулганы, жаңы ачылган кылмыш иштери жана бул иштер Өзбекстандын Баш мыйзамы менен Жазык процессуалдык кодексин одоно бурмалоо аркылуу жүзөөгө ашырылып жатканы тууралуу жазган.

Бул жазалар жана балдарын көп жылдан бери көрбөгөнү анын жанына батканынан улам Каримова өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин 686 миллион долларга сатып алууга даяр экендигин айтып, президент Мирзийоевге өтүнүч келтирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(8)
15.05.2020. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ушуну айтса болот коррупция менен курош деп
15.05.2020. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Өзбекстан чет жерде качып жүргөн Каримовадан акча өндүрүп жатат.Бизде мамлекеттеги акчаны казынага төктүрө албады.
15.05.2020. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mister-X,кандай чет жакта качып жүргөн Каримова, Өзбекстандын түрмөсүндө жаткан Каримовадан өндүрдү, Гүлнара Каримова өзү Мирзёевке кайрылган, акчаны кайтарып беремин мени залоко бошотуңуз деп, өйдөдө дагы жазылып туратко!
15.05.2020. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
AdylbekB84, бизде деле жатышатго, бирок бизде андай мамлекет учун токтурбойт. Озунун чонтогун толтурат анан чыгарат
16.05.2020. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AdylbekB84,Мирзиёевдин закону акчаларды кайтарып берууго туртуп жатса кайтарып берет да анан.
15.05.2020. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
бизде тескерисинче качып кеткен коррупционерге акча салып турат кыйналба деп
15.05.2020. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизге да качан МЫРЗАЕВдер келет бийликке?
16.05.2020. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде кечирим суратып тим болушат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: