Баткенде эл аралык гуманитардык уюм тарабынан жалпы 1 миң 600 үй-бүлөгө жардам баштыктары таратылды
Баткен облусунда 1600 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, өзгөчө кырдаал учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү жана уюштуруу иштерин улантууда.
Бул ирет Эл аралык, гуманитардык уюм тарабынан жалпы 1600 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилип жатат. Бүгүнкү күнгө Баткен облусунун аймагында оор шартта жашаган жалпы 30 миң 133 жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 1381,5 тонна ун, 57 миң 879 литр өсүмдүк майы, 44 миң 218 килограмм макарон жана 8 миллион 270 миң сомдук ар түрдүү азык-түлүк баштыктары таратылды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.