super.kg logo

Дубайдагы 17-майга белгиленген каттам учпай калды

 

17-майда "FlyDubai" каттамына билет сатып алган Кыргыз жарандарынын эсине. Бул каттам жокко чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Дубайда жайгашкан консулдугу маалымат таратты.

"Кыргыз Республикасынын элчилиги жана башкы консулдугу мекендештердин кызыкчылыктарын коргоо алкагында, "FlyDubai" авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анда 17-майга деп сатып алынган билеттер кийинки каттамга жарактуу болот. Ал эми кийинки датасы Кыргыз Республикасынын республикалык штабындагы кароонун жыйынтыгы менен аныкталат. Билеттерди кайтарып берүүгө жана күндөрдү өзгөртүүгө болбойт", - деп айтылат маалыматта.

Эгерде суроолоруңуз болсо, төмөнкү номерлерге кайрылсаңыз болот:

Дубай шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу Адилет Сыдыков +971 561 97 47 95;

Абу-Дабидеги катчы Нурбек Карагулов +971 50 525 5813.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: