super.kg logo

Жалгыз бой эне кайрымдуу жарандардан жардам күтөт

 

SUPER.KG порталына Айнура аттуу жаран кайрылды. Анын айтымында, ага карантинде эч кандай жардам болбой, учурда уулу менен кыйналып жатат. Анткени ал жалгыз бой, бир баласы менен батирде жашайт.

"Жалгыз бой энемин, бир балам менен батирде жашайм. Балам 9-класста окуйт, онлайн окуу деп окуй албай кыйналып жатабыз. Анткени бизде же телевизор жок, же телефон жок. Ал сабактан да, балдардан да артта калып калганын айтып жатат. Телефон алып берейин десем акчам нанга араң жетүүдө. Карантинге байланыштуу же ишим жок, батир акысын 3 айдан бери төлөй албай чыгарып салбаса экен деп отурабыз.
Балам окуудан көчпөй каламбы деп кабатыр болуп жатат. Эмне кыларымды билбей, сиздерге кайрылууга туура келди. Жардамга колун сунган жарандар болсо жакшы болот эле", - дейт ал.

Жардам берүүнү каалаган жарандар болсо, төмөнкү дарекке жана номерге кайрылсаңыз болот.

Көк-Жар айылы, Алымбаев көчөсү - 54

Телефон номери 0(502) 00 77 27.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: