Депутат социалдык төлөмдөрдү аткаруу, чек ара маселелерин чечүүгө бөлүнгөн каражаттарды кыскартпоо керектигин айтты
Депутат Каныбек Иманалиев социалдык төлөмдөрдү аткаруу, чек ара маселелерин чечүүгө бөлүнгөн каражаттарды кыскартпоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
Каныбек Иманалиев социалдык төлөмдөрдү аткаруу, чек ара маселелерин чечүүгө бөлүнгөн 17 миллион сомду кыскартпоо керектигин белгиледи. Айыл өкмөттөрдү өнүктүрүү үчүн каралган 2 миллиард сомду азайтпоо шарт экенин айтты.
"Ата Мекен" фракциясынын жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, өкмөттүн COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин азайтуу багытында көрүп жаткан чаралары талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.