super.kg logo

Сутка ичинде коронавирус аныкталган бейтаптардын үчөө жүк ташыган айдоочулар (видео, хронология)

 

Бүгүн, 16-май саат 10:00гө карата өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абал тууралуу жаңы маалыматтар айтылды. Онлайн түрүндө өтүп жаткан маалымат жыйынга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев келди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-16 10:21

"СИЗО-1дин кызматкери кеңседе иштегендиктен аталган жайда вирус менен ооругандар катталган жок. Ал эми аны менен байланышта болгондорго медициналык байкоо жүргүзүлгөн. Кызматкердин үй-бүлөсүндө жана кесиптештеринин арасында илдетти жуктуруп алгандар катталган жок".

2020-05-16 10:18

Суроо: Чет өлкөдөн келгендердин арасында вирусту жуктуруп алгандар барбы?

Жооп: "Жарандарыбыз ар кандай шартта келип жатышат. Арасында вирусту жуктуруп алгандар болууда. Мисалы, Дубайдан, Соль-Илецктен келгендердин арасында вирусту жуктуруп алгандар бар".

2020-05-16 10:11

Республика боюнча стационарларда 320 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 4 жаран оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

2020-05-16 10:09

"Жүк ташыган айдоочуларды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз. Коронавирус аныкталган 3 айдоочудан тышкары, казакстандык айдоочудан вирус аныкталды. Ал Казакстандан жүк алып келип, Кордайдан өтүп жатканда алынган тесттин жыйынтыгы коронавирус бар экенин тастыктады. Айдоочу Казак жараны, пиломатериал алып келген. Биз ал айдоочу тууралуу коңшу өлкөгө маалымат бердик. Айдоочуга Казакстандан тиешелүү дарылоо болот".

2020-05-16 10:08

"Бүгүнкү күнгө карата коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен 3 жаран жүк ташуучу унааларды айдаган айдоочулар. Алар буга чейин ооругандар менен байланышта болгондор".

2020-05-16 10:07

Сутка ичинде медициналык кызматкерлердин арасында коронавирус илдетин жуктуруп алгандар катталган жок. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан 248 медициналык кызматкер илдетти жуктуруп алышкан, алардын ичинен 200 медкызматкер стационарлардан айыгып чыгып, иштеп баштады.

2020-05-16 10:06

Бүгүнкү күндө коронавирус аныкталган бейтаптардын баарынын байланыштары аныкталып, табылып, текшерүүгө алынды.

2020-05-16 10:04

Сутка ичинде 6 жарандан коронавирус аныкталды. 

Алар:

Бишкек шаары - 3;
Ош шаары - 1;
Ош облусу - 1;
Баткен облусу - 1.

Республика боюнча жалпы 1 миң 117.

2020-05-16 10:03

16-майга карата 38 бейтап ооруканадан чыгарылды. Алар:

Бишкек шаары - 31;
Жалал-Абад облусу - 5;
Нарын облусу - 2.

Республика боюнча жалпы 783 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.05.2020. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча жүк ташыган айдоочулардан эле чыгып жатат. Өзбекстанда деле ошондойлордон чыгып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: