super.kg logo

"3 миллион 115 сом бөлүнгөн Чүйдөгү мектептин спорт залы 7 жылдан бери бүтпөй келет" деген активист өлкө башчыга кайрылды

 

Чүй облусунун Чүй айылына караштуу Султан Ибраимов атындагы №2 мектептин спорт залын оңдоп-түзөө үчүн каражат бөлүнүп, бирок аны ишке ашыруучу компаниянын айынан 7 жылдан бери бүтпөй келе жатат. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына жарандык активист Гүлжан Кутманбаева бөлүштү.

Жарандык активисттин айтуусу боюнча, 2008-жылы "Чебер Сервис" ЖЧКсы жана анын жетекчиси Тилек Токтомушев жогоруда аталган орто мектептин спорт залын оңдоп-түзөө үчүн 3 миллион 115 сом тендерден утуп алган. Андан бери Токтомушевдин компаниясы 1 КамАЗ кум түшүргөндөн башка иш аткарган эмес.

"Негизи келишим боюнча оңдоо иштери 2008-жылы башталып, 2015-жылы бүтмөк. Ошондо 7 жылдын ичинде бирден чарчы метрин шыбап, бирден полун койсо деле бүтмөк да. Мектептин спорт залын бүтүрүү үчүн каржы, стимул берүүчү гранттардын эсебинен каралган. Айыл өкмөт тарабынан тендер өткөрүлгөн. Аны Тилек Токтомушев деген бала, ушул эле мектептин бүтүрүүчүсү утуп алып, анын компаниясына 3 миллион 115 сом берилген. Тилекке каршы, спорт залдын бүгүнкү күндөгү абалы ушул. Ал эми балдар кышкысын дене тарбия сабагын өтө албай кыйналышууда. Канчалаган окуучулар спорт залы жок, дене тарбия сабагын тыңгылыктуу өтпөй мектепти бүтүп кетишти.

Бул маселенин көптөн бери чечилбей келе жатканын бийлик органдары билет. Анткени биздин кайрылбаган жерибиз калган жок. Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы айтканбыз. Чүй айыл өкмөт башчысы жана мектеп директору "Чебер Сервис" ЖЧКсы менен 4 жылдан бери соттошуп келе жатат. Аталган окуу жайдын ата-энелер комитетинин төрайымы катары мен да жүрөм. Сот процесттери созулуп келет. Төрт жылдан бери эч бир майнап чыкпай койду. Башкы прокуратурага чейин иш кеткен. Мындан улам өлкө башчыга кайрылууга аргасыз болуп жатабыз.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылып, (жакынкы күндөрү расмий кат менен кайрылабыз) ушул маселеге көз салып, мыйзамсыз ишке баргандарды укуктук талаада жазага тартып беришиңерди өтүнөт элем", - деп сөзүн аяктады жарандык активист.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын оюн угууга дагы даяр.






Мектеп директору: "3 миллион сомго бир камаз кум, биртке темир алып келип сыртка тыштап коюшкан. Аны уурдалып кетпесин деп кароолчубуз кайтарат"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.05.2020. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай учурлар бизде коп. Ошондуктан элге ушундай маалыматты таратып туруш керек.
16.05.2020. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай болгон учунда онукпойбуз,баары эле жесем ичсем дегендер Кыргызстанда окунучтуу закон жок,черныйы Бир жагынан чыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: