super.kg logo

Коронавирус жуктуруп алган Бишкектеги гипермаркеттин кызматкери 48 адам менен байланышта болгону айтылды

 

Коронавирус жуктуруп алган Бишкектеги гипермаркеттин кызматкери 48 адам менен байланышта болгону айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Акыркы кезде шаардын көчөлөрүндө жөө адамдар менен унаалардын саны кескин көбөйдү. Буга байланыштуу Бишкек шаарында вирусту жуктуруп алуу коркунучу дагы деле бар экенин белгилей кетели.

16-майга карата шаар тургундары арасында коронавирус менен жабыркап жаткандардын саны 305 адамды түзөт. Алар менен байланышта болгондор 648 адам. Баарына маалым болгондой, жакында эле борбор калаадагы гипермаркеттердин биринде иштеген кызматкер дагы вирус жуктуруп алганы аныкталып, 48 адам менен байланышта болгон. Андыктан жарандарды өтө зарыл иши болбосо үйдөн чыкпоого чакырабыз. Санитардык нормаларды жана адамдар менен байланышта аралыкты сактоону сунуштайбыз", - деди шаардын вице-мэри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: