super.kg logo

8-майдан баштап шаардык клиникалык №6 ооруканасы карантин режиминде иштеп баштаганы айтылды

 

8-майдан баштап шаардык клиникалык №6 ооруканасы карантин режиминде иштеп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн маалымат жыйынында билдирди.

№6 ооруканада курч пневмония жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар кабыл алынып жатканы айтылды. 16-майга карата аталган ооруканага пневмония диагнозу менен 12 адам келип түшкөнү маалымдалды.

"Мындан тышкары өзгөчө кырдаал режиминде жалпы шаар боюнча 20 мобилдик бригада иштеп, үй карантининде жаткандарга көзөмөл жүргүзүшүүдө. Алардын ишмердүүлүгүнүн негизинде коронавируска карата 7 миң 700 анализ алынды. Мобилдүү топ вирустун очогу болушу мүмкүн болгон 107 аймакта иш алып барууда. 16-майга карата 961 адам экспресс-тесттен өтүп, алардын баары таза чыкты. Бирок арасында тесттен өтүүгө каршылык көрсөткөн жарандар дагы катталууда. Алсак, 113 даана дарек ээлери жана анда жашаган тургундар мобилдүү топко баш ийбей тест тапшыруудан баш тарткан. Мобилдүү топтун текшерүүсүнөн кийин 97 батир жабылды. Биз шаардыктарды медициналык кызматкерлер менен кызматташууга чакырабыз. Мобилдүү топ бардык коргонуучу каражаттар менен камсыздалган. Алар атайын окуудан өткөн", - деди Татьяна Кузнецова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: