super.kg logo

ЖАМК: "Жалпысынан 543 кызматкер коронавируска карата анализ тапшырып, баары таза чыкты"

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында COVID-19 инфекциясына текшерилүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы СИЗО-1 тергөө абагынын №47, №2, №3 жана №27 түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүштү. Мындан тышкары ЖАМКга тиешелүү мекемелерди тейлеген бейтапкана жана госпиталдагы 18 дарыгер коронавируска карата текшерилишти. Жалпысынан 543 кызматкер анализ тапшырган. Алардын баарынын жыйынтыгы таза чыкты. ЖАМК кызматкерлеринин арасынан дене табы көтөрүлгөндөр же сасык тумоонун белгилери байкалгандары болсо дароо бейтапканага жөнөтүлүп жатат. Ал жерден алар сөзсүз түрдө COVID-19га ПЦР-анализ тапшырышат. Андан кийин үй карантининде же изоляцияда медиктердин көзөмөлүнө алынууда.

Күн сайын жумушка келген кызматкерлердин дене табы тепловизорлор менен ченелип жатат. Бардык мекемелер дезинфекцияланып турат. Биздин кызматкерлердин арасында COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: