Түркия июнь айынан тартып 19 өлкөнүн 23 шаарына аба каттамдарын ачат. Анын ичинде Бишкек жок
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган июнь айынан баштап Түркия 19 өлкөнүн 23 шаарына аба каттамдарын ачарын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкө Европанын айрым шаарлары жана Алматы, Тбилиси, Минск менен каттамдарын жандандырат. Стамбул-Бишкек учак каттамы бул тизмеде жок.
Ошондой эле 20-майдан тарта Түркиянын ооруканалары 31 өлкөдөн бейтаптарды кабыл алып баштары жазылган. Бул өлкөлөрдүн тизмесинде Кыргыз өлкөсү, Казакстан жана Орусия бар. Чет өлкөлүк бейтаптар учакка салынып жатканда жана учак сапарында тыкыр текшерүүдөн өтүп, бейтап менен кошо эки гана жакынын алууга уруксат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Медицинасы Европанын коп олколорунон кучтуу экенин далилдеп коюшту бирок. Статистика боюнча эн коп оорулуу айыккан олко Германия, анан эле Турция. Ал эми каза болгондор саны боюнча Турция эн акыркы орунда.
Турция деген туризм аркылуу экономикасын которууну ойлоп жатат да. КРдан ким бармак эле ал жакка эс алганы, Бишкек-Стамбул рейске пассажир толот, кайра Стамбул-Бишкекке пассажир жок болсо аларга деле пайда жок да.