super.kg logo

Нарын шаарынын мэри иштөөгө уруксат берилген мекемелерди текшерип чыкты

 

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров калаада 1-майдан тартып өзгөчө кырдаал режимин жумшартуу максатында 3 этап менен уруксат берилген ишканалардын санитардык ченемдик нормаларын текшерип чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык мекеме-уюмдарда, цехтерде, базарларда тейлөөчү кызматкерлер сөзсүз түрдө бет кап тагынып, колуна кол кап кийип кардарларды тейлөөгө алышы керек. Ар бир кирген кардар бет кап тагынып кирип, мекеменин эшигинин алдында турган антисептикалык каражаттар менен колун дезинфекциялагандан кийин гана тейлөөгө уруксат берилүүсү шарт.

"Бүгүн биз көзгө көрүнбөгөн душман менен кармашып жатабыз. Көзгө көрүнбөгөн менен ар бирибиздин жаныбызда эле жүргөн вирус, тартипти, тазалыкты бекем кармабасак, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, медицина кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын, маалымат каражаттарынын калайык калк ичинде жүргүзүп жаткан түшүндүрүү иштерин көңүлгө түйүп, ар бирибиз колдоого албасак, оор кесепеттүү илдетке чалдыкпай калуубузга эч ким кепилдик бере албайт", - деди шаар жетекчиси Молдокадыров.

Бул талаптар аткарылбаган шартта иштеп баштоого биринчи жана экинчи этап менен уруксат берилген мекеме-уюмдарга, базарларга жана алардын жетекчилерине мыйзам чегинде айып пулдар салынат. Ал эми өтө чектен чыгып, тартип бузган мекеме-уюм жана базарларды кайра жаап салууга чейинки катаал чаралар көрүлөрү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: