super.kg logo

Президент манасчы Рысбай Исаков, акын Аалы Туткучев баштаган өнөр ээлеринин апаларын сыйлады

 
Нурислам Шерипбаевдин энеси Гүлзада Ботобекова.
Равшан Муминовдун энеси Лолохон Муминова.
Рысбай Исаковдун энеси Саадат Исакова.
Алмазбек Акчекеевдин энеси Гүлай Акчекеева.
Мырзайым Токтосунованын энеси Шохидахон Токтосунова.

Президент Сооронбай Жээнбеков ийгиликтерди багындырып, элге таанылган сыймыктуу уул-кыздарды тарбиялаган энелерди сыйлады. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өнөр ээлеринин апалары Энелер күнүнө карата куттуктоо, эстеликке белек алышкан. Энелерге куттуктоолорун жана белектерин президенттин аппаратынын кызматкерлери жана Талас, Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынын жетекчилери тапшырган.

Президент куттуктаган энелердин тизмеси:

- Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучевдин энеси Сабира Туткучева;

- Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулардын арасындагы дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбековдун энеси Гүлнар Абдраева;

- 2019-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн табигый-математикалык циклдагы предметтери боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медалга ээ болгон Нурислам Шерипбаевдин энеси Гүлзада Ботобекова;

- 22-марттан бери коронавирус менен күрөштүн алдыңкы сабында жүргөн, жумушка өзүн толугу менен арнаган, эмгичекти туугандары менен жакындарын көрө элек Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын инфекционист-дарыгери Наталья Прыткованын энеси Ольга Прыткова;

- Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучусу, Кыргызстан-Орусия эриш-аркак жылынын ачылышында ксилофондо ойноп чоң чеберчилик менен талантын көрсөткөн Мырзайым Токтосунованын энеси Шохидахон Токтосунова;

- Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, 2010-жылдагы Апрель окуяларында жараат алып, анын кесепетинен эки бутунан ажыраган Алмазбек Акчекеевдин энеси Гүлай Акчекеева;

- Манасчы Рысбай Исаковдун энеси Саадат Исакова;

- Баткендин Лейлек районунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Равшан Муминовдун энеси Лолохон Муминова;

Эске салсак, Кыргыз өлкөсүндө жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
16.05.2020. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Атамбаев энелер кунун белгилоону мыйзамга киргизип жакшы иш кылган. Эл адамдарынын энелерин урматтаган кандай жакшы!
16.05.2020. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
akmanai,Туура айтасын!Алмазбек Шаршеновичтин деле жакшы кылган иштери аябай коп болгон.
16.05.2020. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз тарыхында эн начар иштеген президент Атамбаев болгон эле,Жээнбеков андан да начар болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: