super.kg logo

Акыркы суткада катталган 21 адамдын арасында Санкт-Петербургдан келген 10 курсант бар (видео, хронология)

 

Бүгүн, 17-май күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берүүдө.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-17 10:30

Февраль айынан тартып 119 бейтап пневмония диагнозу менен катталган. Алардан экөөнөн коронавирус аныкталган.

2020-05-17 10:29

Бүгүнкү күндө 65 күч органдарынын кызматкерлеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. 

2020-05-17 10:28

Суроо: "СИЗО-1 жана №27 түзөтүү абагынын кызматкери 13-14-май күндөрү ооруканага жаткырылды" деген маалымат чынбы?"

Жооп: "Учурда түзөтүү абагында иштеген 4 кызматкер коронавирус жуктурганы аныкталып, алар Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Алар менен байланышта болгон адамдарга лабораториялык иликтөө жүрүп жатат".

2020-05-17 10:21

Бейтаптардын 12синин абалы оор. Ошондой эле 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

2020-05-17 10:20

Нарын шаарынан 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.

2020-05-17 10:18

Бир суткада 21 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын арасынан Санкт-Петербург шаарынан келген 10 аскер окуу жайынын студенттери бар.

 Бишкек шаары – 2 + 10 Санкт-Петербург шаарынан келгендер;
 Чүй облусу - 3;
 Нарын облусу - 6.

Республика боюнча 1138ге жетти.

2020-05-17 10:17

Бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
 Бишкек шаары – 11;
 Ош шаары – 2;
 Ош облусу – 2;
 Баткен облусу - 3;
 Нарын облусу - 3.

Республика боюнча жалпы 804 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: