super.kg logo

Талас облусунда сел жүрүп, 5 гектарлык эгин талаасын жууп кетти

 
Талас облусунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 5 гектарлык эгин талаасын жууп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"16-май күнү Талас облусунун Талас районунда саат 18:00 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылын Таш-Төбө коктусунан аккан сел суулары каптаган. Тоолуу аймак болгондугуна байланыштуу калктуу конуштарга зыяны тийген эмес. Сел сууларынын кесепетинен болжол менен 5 гектарга жакын арпа жана картошка айдалган жерди жууп кеткен. Кырсык катталган жерге өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Жарандык коргонуу башчысы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана Талас районунун акими барып, тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. 17-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, келтирилген чыгым боюнча актысы түзүлөт", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.05.2020. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ жараткан канча элдин эмгегин жууп кетти, бир балээ бүтпөй жатса экинчиси да оп этип эле басып калды, канчага чейин бизди сыгасың Алла таалам, ушу менен токтотуп, кыргыз элиме тынчтык, бакыт нурунду нурлантчы,
sale-81 түзөттү 2020-05-17 21:22:04
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: