Кыргыз-Казак мамлекет башчылары эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу маселесин талкуулашты
Бүгүн, 17-майда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди.
Мамлекет башчылары Кыргыз-Казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргеликтеги чараларды талкуулашты.
Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу маселеси козголду.
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз жарандарын Казакстан территориясы аркылуу транзит менен алып келүүдө көрсөтүлүп жаткан көмөккө ыраазычылык билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
2

