super.kg logo

Коронавирус диагнозу менен оор абалда ооруканада жатканы айтылган экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин жубайы медицина тармагында иштеген

 

Ушул жылдын 5-майында бейтапканага коронавирус менен коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев түшкөн. Мындан улам ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканы, абалы оор экени айтылган. Кийинчерээк анын жубайы дагы аталган ооруканага коронавирус менен жабыркап түшкөнү жана абалы канааттандырарлык экени белгилүү болгон.

Буга чейин экс-төраганын жубайынын медицина тармагында иштегени тууралуу бейрасмий маалыматтар айтылып келген.

Бүгүн, 17-майда бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана министрликтин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чолпонбаевдин жубайы №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунда иштеп келген.

Ал эми бейтаптар тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев төмөнкүлөрдү билдирди. "Азыркы тапта Мукар Чолпонбаевдин абалы стабилдүү оор деп айтса болот. Жубайынын абалы жакшы, ал жакынкы арада үйүнө чыгарылат", - деди Аалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: