"193 кооптуу аймак бар". Чу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө







Чүй районунун Алчалуу айыл аймагын аралап өткөн Бурана дарыясынын жанында жайгашкан дамбаны механикалык тазалоо иштери пландаштырылууда. Иштин жалпы узундугу 1,5 чакырымды түзүп, натыйжада Алчалуу айылындагы 90 турак жай корголот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кечээ, 16-майда өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров министрликтин тийиштүү бөлүмдөрүнүн жана түзүмдөрүнүн башчыларынын катышуусу менен Чу дарыясынын жээгиндеги кооптуу аймактарды кыдырган. Анда Кемин шаарындагы Учхоз участогун көрүп, министр жергиликтүү калк менен активисттер жолугуп, Чу дарыясынын жээгин коргоо боюнча маселелерди талкуулады.
"Аталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жээгин бекемдөө иштерине долбоордук-сметалык документтер даярдалып, жумуш жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлөт. Аскаров Чу дарыясынын жээгиндеги Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагындагы жээк эрозиясы орун алган аймакта болуп, тийиштүү жетекчилерге аталган аймакта жээкти бекемдөө иштерин баштоону тапшырды.
Андан ары министр Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы Чу дарыясынын жээгин коргоо иштерин текшерди. Учурда анда жумуш 80 пайызга аяктап, 10 күндүн ичинде толугу менен бүткөрүлөт.
Соңунда Сокулук районунун Камышановка айылында жайгашкан Скотомогильник участогунда жана Сокулук районундагы Төмөнкү-Чүй айыл аймагынын Төмөнкү-Чүй айылында Чу дарыясынын жээктерин коргоо иштерин жеринен текшерип чыгып, курулушту сапаттуу аткарып, 1 айдын ичинде жумушту аягына чыгаруу талабын койду", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматта белгиленгендей, Чу дарыясынын жээгинде жалпы 193 кооптуу аймак бар. Анын ичинен 47 объектиде коргоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда 3 объектиде жумуш жүргүзүлүп, бул жылы кошумча дагы 3 объект ишке киргизилген.

