super.kg logo

Москва-Бишкек каттамы менен аярлуу катмардагылар учту. Алардын 116сы оор абалдагылар

 

Бүгүн, 17-май күнү Москва-Бишкек чартердик каттам менен ден соолугунда маселеси бар Кыргыз жарандары мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалымат таратты.

"Бүгүн, 17-май күнү Москва шаарынан чартердик каттам менен Бишкекке 379 жүргүнчүсү менен учак учту. Аталган каттам менен 116 оор абалдагылар (онкологиялык оорусу барлар, бөйрөктүн жетишсиздиги, жүрөк оорусу менен жабыркагандар жана башкалар), аларды коштогон 27 жаран, 8 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, 38 улгайган жарандар, 78 кош бойлуу жана 77 ата-эне өспүрүм балдары менен, ошондой эле хостелдеги 35 жаран келмекчи. Бардык оорулуулардын жанында тиешелүү документтери бар жана тизме коомдук комиссиянын жыйынында бекитилген.

Мекенине учуп жаткан жарандардын тизмесин жарыялагыла деп кайрылган жарандар болууда. Мыйзамга ылайык, элчиликтин жарандардын макулдугусуз жеке маалыматтарын жарыялоого укугу жок. Кезекте дагы 1000ден ашуун оор абалдагы жарандар, кош бойлуу айымдар, өспүрүмдөр жана улгайган адамдар турат. Май айынын аягынан тартып Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө апта сайын чартердик каттам уюштуруу пландалууда. Аталган тайпага кирген бардык жарандар май, июнь айларында мекенине кайтарылат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Москва-Бишкек каттамга тизмеге илинбей калган жарандар келип, каттоого тоскоолдук жаратышканы тууралуу жазылган.






17-май. Москва-Бишкек каттамы аркылуу абалы оор адамдар гана учту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
17.05.2020. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Мекендештердин баарын алып келем деп,Кыргызстанда коронавирустун 2-толкунун пайда кылбасанар эле болгону.Коронавирус токтогондо ушул ызы чуу менен келгендер кайра ызы чуу чыгарышат кокуй Москвага кетебиз рейс уюштургула деп. Россиядан келип жаткандардын баарын эми черный списоко киргизип салгыла экинчи Россияга барбай Кыргызстанда эмгектенип экономикага жардам берсин.Бугун көрөсүңөр келип алган соң өнөр көргөзөт обцервацияга жатбайбыз деп качып.Как полежоно 1 ай карантин кылгыла элге кошбой.
17.05.2020. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Убагында Россия жакшы эле эми Кыргызстан жакшы болуп калдыда
17.05.2020. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошондо Россиядагы 1 миллион Кыргызстандыктар баары келишеби?
17.05.2020. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чёрный списокко киришти бекен же таза кетиштиби.
17.05.2020. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алдабагылачы, кимдерди алып келгениңерди көрдүк.
18.05.2020. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы болуп кетишсин.
18.05.2020. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооруп жаткандарга Аллахым шыпаасын берсин эртерээк айыгып кетишсин! Ээ бир боорлорум бир туугандарым кичине сабыр кылып бир аз чыдап канча убактан бери орусиялап жүргөн жердештерим ошончо убакыттан бери чыдаган бир аз сабыр кылып турсаңар болот эле силерди келбегиле дебейм бирок азыркы кырдаалда экономика Кыргызстан белчесинен эмес мойнунан батты азыр ар бир кыргыз жараны мекенибизге колдоо көрсөтүп мамлекетти тонобой туралычы.ошончо кишини алып келип аларды обцервацияга алып анализ алып анын
18.05.2020. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары мамлекет үчүн чыгым болуп атпайбы бул жакка келгенде кийин деле Кыргызстанда жыргаган жашоо жок абал оор эртең эле кайра кетишиңерге туура келет Россияга себеби жашаш керек акча табыш үчүн кээ бир өздөрүн пиарлаган айрым депутат сөрөйлөр элдин атынан ар нерсени сүйлөп бийлик менен элди чагыштырып атышат антсе мынтсе болмок дешип өздөрүнүн колунан бок келбейт. Мамлекет өз жарандарын багыш керек деп милдет кылышат а сен мамлекеттик үчүн иш кылдынбы эч болбосо армияга кызмат кылбай кеткенсин
18.05.2020. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көпчүлүк эле жаштар эркек сөрөйлөр кетти го?
eduardali түзөттү 2020-05-18 11:21:51
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: