super.kg logo

"Карантинде жолдошумдун чыныгы жүзү ачылды". Кош бойлуу, төрт балалуу аял турмушундагы оор учурду айтып берди

 

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагында жашаган Бактыгүл Жаныбек кызы аттуу жалгыз бой эне SUPER.KG порталына кайрылып, аргасыз абалга туш келгенин билдирди. Айтымында, карантин учурунда күйөөсү 4 баласы менен кошо таштап кеткен. Учурда ал бешинчи баласын күтүп жатат.

"Мен сиздерге кайрылып жатканымдын себеби, учурда балдарым менен оор кырдаалга туш болдук. Балдарымдын улуусу 10 жашта. Кийинкилери 9, 5, 3 жашта. Эки балам биринчи никемден. Ал жолдошум каза болуп калган. Кийин дагы турмуш курдум. Балдарыма жакшы мамиле жасап, турмушту түшүнгөн адам көрүнгөн. Бирок убакыттын өтүшү менен андай эмес экенин түшүндүм. Жолдошум кош бойлуу экениме карабай, 2 ай мурун бизден кетип калды. Карантинде анын чыныгы жүзү ачылды десем болот, анткени мурда мен иштеп жүргөндө унчукпай эле жашап жүрчү. Кыйынчылык башталганда үй-бүлөсүн багуунун ордуна кааласа үйгө келип, каалабаса келбей жүрдү. Келгенде мага жана балдарга орой мамиле жасап жатты. Өзүм интернатта өскөм, кайын журтум башынан эле тоготпойт. Күйөөм, балким, ойлонуп келип калар, балдарын кантип ушундай кыйынчылыкта таштап кетмек эле деп күттүм, бирок эми келбешине көзүм жетти. Өзүбүз батирде турабыз. Анын акчасын 2-3 айдан бери төлөй элекмин, батирге 6 миң сом карыз болдум. Батир ээси менин абалымды көрүп, жакшы эле унчукпай жүрдү. Бирок анын деле жашоосу бар да. Мен тез арада батир акысын төлөшүм керек же чыгышым керек.

Карантинге чейин иштечүмүн. Жумуш болсо эч кимге кайрылбай эле оокатымды жасап кетмекмин. Бирок азыркы кырдаалда чын эле арга таппай калат экенсиң. Мындай учурда жашоого нааразы болгон күндөр болот. Кудай сыноонун баарын мага берип койгондой сезиле берет.

Өз апам бар, бирок ал бизди кичине кезибизде эле таштап кеткен. Атабыз ичип, күн көрсөтпөй жүрүп, акыры баарына кол шилтеп кетип калган экен. Мен ага барып жолугуп келдим. Мен андан акча же жардам сурап барган эмесмин, энелик мээрим издеп баргам. Бирок чоочун адамдай мамиле жасады, бир чети өз үй-бүлөсү бар экен. Жашоосун татаалдатпай эле коёюн деп ал жактан кеттим.

Жашоодо ар кандай нерселер болот экен. Менин кичинекей балдар менен кыйналганымды көрүп "балдарды бизге бер" дегендер да чыкты. Мындай сөздү эч бир эне укпасын. Аябай оор тийди. Ошондон баштап балдарымдын келечеги үчүн, жаркын жашоосу үчүн күрөшөм, мен көргөн кордукту көрбөсүн деп жашап келем. Келечекте балдарымдын билим алып, көз карандысыз инсан болушун каалайм.

Жумуш жок, кандай айла кыларды билбей, күнүм санаа менен өтүүдө. Ичимдеги балам дагы кыймылдап калды. Дагы жакшы кайрымдуу адамдар азык-түлүк жактан жардам берип жатышат. Аларга ыраазымын. Учурда мен акча каражат жактан абдан кыйналып жатам. Эч кимге кайрылбай жөлөк пулга документ тапшырайын десем, ага дагы акча керек экен", - деп сөзүн аяктады жалгыз бой эне.

Бактыгүл Жаныбек кызына жардам берүүнү каалагандар 0776178992 номуруна байланышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
17.05.2020. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Жардам берели Аллах ыраазычылыгы үчүн.
17.05.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Tyty1990,жардам берүүнү каалагандар 0776 178 992 номери аркылуу байланышса болот.
18.05.2020. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tyty1990,Москвадан кантип жардам берсек болот?
18.05.2020. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekeev969798,чалсам эч албай жатат
17.05.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Башынан тын эмес куйоосуно ишенип дагы 5чи баласын кутуп атса озуно эле кыйын болотго дальше.
17.05.2020. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Тенирим жакшылыктарды гана буюрсун.
17.05.2020. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Озу интернатта чонойсо куйоосунун башынан эле тын эмес экенин билет да анан эмнеге 4 бала торойт. Башынан эле балдарды озу багып келе атыптыр ошону деле ойлгон жокпу ? Бала оюнчукпу? Экини торогондон кийин эле ойлонуш керек да уйум жок болсо туруктуу жумушум жок болсо куйоом тигиндей болсо деп. Балдарды аябай кор кылдынар да жоопкерчиликсиз жатып торой берип. Эркек жатат да кетип калат туйшугу аялга калат. Эмнеге озунорду сыйлабайсынар ? Мени талап жатып калгыла. Эл бир берет эки берет анан ?
18.05.2020. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул карантин көп адамдын чыныгы жүзүн ачты го
18.05.2020. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы түшүнбөдүм.Куйоом жаман деп эле төрөй беришет...
18.05.2020. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озу интерната оссо жалгыз болсо,жалгыздын да озунчо азабы бар.Торосом балдарым мага куйот бири атам бири энем болот деген келиндер болот ага да туура тушунолу.Озуно ишенген бирок таажы вирус жалгыз келин эмес эрлууго деле кыйындык тушурду.Жардам бергибиз келсе тууганына асылбай берели.Тууса озу учун да кыйынчылык болбосо озун озу эптеп кетчуудой.Балдары аман болсун,озу аман болсун.Бул кундор да отор...
18.05.2020. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Торт балабы беш балабы ищи кылса кыйналып атыптыр. Аны эмне анча майдаланып тактадынар. ?? Жардам бере алсанар унчукпай эле берип койсо,озгочо эркектер ото майдасынар. Эми куйоосу канчалык бош болсо да торолуп калыптыр уже балдары ,Эми кайра артка киргизип жибермек беле аларды. Эмне торойсун дегендерге жооп. Туура шартка карап сактаныш керек. Но дети уже родились. Надо помочь им
18.05.2020. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, Бактыгул Султаналиева!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: