super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 2 миллионго жакындады

 

18-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 4 миллион 710 миң 683кө жетти. Анын арасынан 1 миллион 732 миң 384 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 315 миң 23 адам көз жумду.

Дүйнөдө коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы тизмекте турган АКШда 1 миллион 486 миң 423 адам катталды. Андан 272 миң 265 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 89 миң 550 адам оорудан каза болду.

Орусияда 281 миң 752 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 67 миң 373 бейтап сакайып, 2 миң 631 адам дүйнө салды.

Улуу Британияда болсо 244 миң 995 адам коронавирус илдетин жуктурган. Андан 1058 адам айыкса, каза болгондордун саны 34 миң 716га жетти.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.05.2020. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу Британиянын айыккандары туура эмес жазылып калыптырго, админ ондоп койгула.
18.05.2020. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirbek2211, Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: