Кытайда сутка ичинде 7 жаран коронавирус жуктуруп алды
Кытайда сутка ичинде 7 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Мындан тышкары дагы 18 адамда вирустун белгилери байкалбай өтүп жатканы, алар бул ооруну алып жүрүүчүлөр экени тастыкталды. Дагы 11 адам вирустан айыкты деп маалымдайт Кытайдын Саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитети.Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кытайдагы ооруканаларда 45 бейтап дарыланып жатат.
Бул өлкөдө жалпысынан 82 миң 954 жаран коронавируска кабылып, анын 78 миң 227си оорудан сакайган. 4 миң 633 бейтап каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:29
2025-11-06
15:17
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















