super.kg logo

Кытайлык эпидемиолог: "Ухан бийлиги коронавирус катталган маалда чындыкты жашырууга аракет кылган"

 

Кытайлык эпидемиолог Чжун Наньшань Ухан бийлиги коронавирустун жайылуу масштабын жашырганын айтып чыкты. Айтымында, ухандык дарыгерлер ага абал расмий отчёттордо айтылып жаткан маалыматтарга караганда кыйла эле начар экенин айтышкан. Анын ачык маеги дүйнөлүк басылмалардын бирине жарыяланган.

Анда Ухан шаарынын бийлиги алгач коронавирус инфекциясынын жайылуу масштабы тууралуу ачык маалымат берүүнү жашырган. "Жергиликтүү бийлик коронавирус катталган маалда чындыкты жашырууга аракет кылган. Эң башында бийлик вирус тууралуу үн каткан эмес, менимче, ошол учурда илдетти жуктургандардын саны расмий жарыяланган сандан көп болгон", - деген ал.

Ухан шаарында 10 күн бою илдетти жуктургандардын саны такыр эле өзгөрүүсүз болуп турганы, ошол эле убакыт аралыгында Кытайдан тышкары аймактарда коронавирус илдети жайылып баштаганы эпидемиологдун шектенүүсүн жараткан. 18-январда Чжун Наньшань коронавирустун жайылып кетүүсүн изилдөө үчүн Уханга барганда жергиликтүү дарыгерлердин көбү абал начар экенин эскертишкен.

"Мен бийлик тарабынан кабарланган расмий маалыматтарга ишенген эмесмин, мындан улам алардан мага реалдуу сандарды берүүсүн суранып жаттым. Бирок алар менин өтүнүчүмө жооп берүүгө кызыкдар болгон жок", - деген эпидемиолог.

Айрым маалыматтарга ылайык, Чжун Наньшань коронавирус инфекциясы адамдан адамга жугарын биринчилерден болуп 20-январда Кытайдын борбордук телеканалынын (CCTV) эфири аркылуу айтып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
18.05.2020. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бар экен го чындыкты айтып чыга турган кытай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: