super.kg logo

Өлкөдө вирус жуктургандардын саны 1 миң 216га жетти (видео, хронология)

 

Бүгүн, 18-май күнү өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берүүдө.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-18 10:41

“Соль-Илецктен келип жаткандарды ташуу учурунда вирустун жайылышынын тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу республикалык штаб тарабынан кошумча ПЦР-изилдөөлөрдү өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул үй карантиндеги байланышта болгондор илдетти массалык түрдө жугузуп албоосу үчүн туура чечим болду”, - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Үсөнбаев.

2020-05-18 10:34

"Бүгүн вирус катталган 78 адамдын 46сы чет өлкөдөн келген жарандарыбыздан аныкталды. Биздин жарандар ар башка мамлекеттерде, ар андай шарттарда тургандыгы белгилүү. Ошондой эле, мекенине кайтып келген жарандар обсервациянын эрежелерине баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатышат. Мындан улам, оорулуулардын саны көбөйүүдө”, - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

2020-05-18 10:15

Бүгүнкү вирус аныкталган жарандардын көбү обсервацияда жаткандардан чыкканы айтылды.

2020-05-18 10:08

18-майга карата өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 1 миң 216 адамга жетти.

Алар:

Стационарда – 375 (алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 6);
Ооруканадан чыгарылды – 827;
Каза болгондор – 14.

2020-05-18 10:05

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми стационарлардан 8 медкызматкер сакайып чыкты. 

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандардын саны 255. Алардын ичинен 212 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-18 10:04

2020-жылдын 18-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 78 адам жугузуп алды.

Алар:
Бишкек шаары - 3 (+3 Санкт-Петербург шаарынан келгендер);
Чүй облусу - 3 (+43 Соль-Илецк шаарынан келгендер);
Нарын облусу - 14;
Ош шаары - 5;
Ош облусу - 6;
Жалал-Абад облусу - 1.

2020-05-18 10:02

Бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Айыккандар:
Бишкек шаары – 20;
Жалал-Абад облусу – 3.

Республика боюнча жалпы 827 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: