super.kg logo

"Коронавирус чыккан аял ыйлап, "барбайм" деп олтуруп алса, анын ордуна тизмеде жок оорубаган адамды эле алып кетип калышты" дейт Соль-Илецктен келген жаран (толукталды)

 

Бүгүн, 18-майда Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген дагы 43 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен аталган шаардан келип коронавирус аныкталгандардын саны 101ге жетти.

Бир катар жергиликтүү басылмаларда Соль-Илецк шаарынан келип "Ганси" авиабазасында жайгашкан обсервацияда жаткан жарандар аларды үйгө чыгаруусун талап кылып тополоң чыгарды делген маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазып чыгышты.

Ал эми аталган базада обсервацияда жаткан жаран төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Кечээ келишип, дагы 46 жарандан коронавирус аныкталганын айтышып, тизме менен жарандарды алып кетишти. Алардын арасында аялы менен чогуу жаткан бир жаран бар болчу. Андан вирус аныкталып, аялы болсо тизмеде жок экен. Ошол учурда башка жарандар кантип жанында жүргөн аялына жуккан жок деп ызы-чуу салышты. Күйөөсү да аялын обсервацияга калтырбайм деп туруп алды. Ошол маалда алар тизмеден оору аныкталды деген бирөөнү чийип туруп, тиги келинди алып кетишти", - дейт жаран.

Ошондой эле анын айтымында, вирус аныкталгандардын тизмесинде бар бир аял киши "бейтапканага барбайм" деп ыйлап туруп алган, бул учурда да анын ордуна тизмеде жок эле башка адамды алып кетишкен.

"Пикир келишпестик жаралган маалда эч кандай милиция кызматкерлери келген жок. Бул жакта бизди жаңы келгенден баштап эле кайтарып жаткан ИИМдин кызматкерлери бар. Алардын биз менен иши деле жок. Силер эрте кетсеңер биз дагы кетет элек деп жүрүшөт алар деле", - деп билдирди обсервацияда жаткан окурман.

Ушундай окуялардан улам обсервацияда жаткан адамдар вирустун бар экенине жана анын олуттуулугуна ишенбей жаткандыгын ал кошумчалады.

Ал эми бүгүнкү маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев: “Соль-Илецктен келип жаткандарды ташуу учурунда вирустун жайылышынын тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу республикалык штаб тарабынан кошумча ПЦР-изилдөөлөрдү өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул үй карантининдеги байланышта болгондор илдетти массалык түрдө жугузуп албоосу үчүн туура чечим болду”, - деп билдирген.

Кийинчерээк жогорудагы окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен окурман берген маалыматты калп деп билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(12)
18.05.2020. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эптеп эле грант акчаны бергендердин оозун жабыш учун кыйнап эле жаткырып аткандай элди. "Сен жатпасан,анда тиги жатып турсун Сенин ордуна деп"
18.05.2020. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Карочи каша
18.05.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буга дагы не деп актанышат

18.05.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коронавирус менен ооругандардын санын кобойтуп копсотуш учун ар балээ болуп жатышат тушунбой эле койдук го.
18.05.2020. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кошмааар ушулар тажатты
18.05.2020. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Откондо келебиз,алып кеткиле,жол ачып бергиле деп ызы чуу кылышты,эми келип алышып дагы деле нааразы болуп атышат.Кичине сабыр кылып айткандарын аткарып койушса болот да.
18.05.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Калпты окшоштуруп айткылачы, алар да жизни эмес башка бироону эле алып кетип калгыдай. Ал жарандарды да инфекционныйга алып баргандар текшерет аты жопу менен. Жесе чондор жеп аткандыр, а иштеп аткандар карапайым эле элдер баягы. Аларды да алдашып, укмуш акча беребиз иштеп бергиле деп коюп кайра бербей отурушат. Жок дегенде ошо оздоруно окшогон карапайым мед кызматкерлерди сыйлашса. Алар да уй Белоснежка татар коюп куну туну, оз день соолуктарын тобокелге салып журушот.
18.05.2020. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
forever88, жакшынакай жазып келе жатып,аягын Белоснежка,татар болуп кеттиго
18.05.2020. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
katerina.li,
Үй-бүлөөсүн таштап деп жазайын десе керек эле
18.05.2020. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акатаай.
Мен 2015 кор оорусу менен жатканмын.
Биздин медиктерге ийгилик тамак ак постельное бельё берип тазалыкты сактап атты.
А эми рахматы жок буларга.
Оздорун аябаса да элди мекенди аяп койбойбу уяты жоктор
18.05.2020. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошончо болду кичине чыдап койсо бутотго баары башаламан кылбай
19.05.2020. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнедеген каша? Силердин башынар жеткенге алардын башы жетпейби? Бироонун ордуна бироону салып кеткидей! Шекшигенди токтотуп копчулукко баш тйгилечи тообо келтирип! Аял мн куйоосу болсоделе жукпай калышы мумкунда 2айдан бери бомждай журосонор экоо жакындашпаган чыгарр имунитети кучтуудур!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: