Оштогу коронавирус жугузгандар Орусия, Казакстандан келген жарандар экени айтылды
Бүгүн, 18-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берип жатат. Анда өкүл облустагы оору жуктургандардын дээрлик көпчүлүгү чет өлкөдөн келгендер экенин билдирди.
"Акыркы суткада 6 адам вирусту жуктуруп алганы анык болду. Буга байланыштуу Ош облусунда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 189 адамга жетти.
Акыркы убакта облуста абал турукташып калган болчу. Бирок чет жактан келген оор жүк ташуучу автоунаа айдаган жарандардан илдет чыгып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусия, Казакстандан келген жарандар. Жалпы облус аймагында санитардык-эпидемиологиялык, коомдук-саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө", - деди өкүл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
6

Комментарийлер(2)
-BOSS-

18.05.2020. 13:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оштун мэри, губернатору баш болуп жакшы иштеп жатышат, көз тийбесин, жогору жактагылар ушулардан үлгү алсын.
titanik32

18.05.2020. 13:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оор жүк ташыган айдоочуларды тыкыр текшергиле да,жолдо келе жатып эле канчалаган жерде топтошот.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.