Депутат күзгө чейин куруп бүтө турган мектептердин саны кыскарбаш керектигин айтты
Депутат Таалайбек Масабиров күзгө чейин куруп бүтө турган мектептердин саны кыскарбаш керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.
"Мектептерди куруу боюнча иш күзүндө толугу менен бүтүш керек. Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражат үчүн ачылган атайын эсепке түшкөн каражаттан мектептер курулуп жатабы? Кыскаруу болгон жокпу?", - деп сурады депутат.
Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров атайын эсептеги каражатка эки мектептин курулуш иши улантылып жатканын билдирди. Анын айтымында, азырынча каржылоо маселеси чечиле элек, бирок мектептер курулат.
Буга чейин финансы министри Бактыгүл Жээнбаева атайын эсепке 2 миллиард 100 миллион сом каражат түшкөнүн айткан.

