Соль-Илецк шаарынан келип обсервацияда жаткан адамдар аларды үйүнө чыгарууну талап кылууда. Окуя болгон жерге саламаттыкты сактоо министринин орун басары барды (видео, сүрөт)






Мурдагы "Ганси" авиабазасында жаткан адамдар аларды обсервациядан чыгарууну талап кылышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Анын айтымына караганда, Соль-Илецк шаарынан келип обсервацияда жаткан адамдар аларды үйлөрүнө чыгаруу талабын коюшкан.
"Биз келгенден бери күндө коронавирус аныкталды деп эле адамдарды алып кетип жатышат. Бирок алар 2-3 күн өтпөй кайра үйлөрүнө чыгып жатыптыр. Бул тууралуу алар өздөрү айтып беришти. Анткени алар менен чек арада 2 айга жакын убакыт жатып байланышыбыз бар. Аларды эч кандай коштоосу жок эле, жөн эле чыгарып жатышыптыр. Мындан улам обсервацияда жаткан адамдар аларды үйлөрүнө чыгаруу талабын коюп жатышат. Бизден келгенден бери 2 жолу анализ алып, жыйынтыктары таза чыкты", - дейт окурман.
Ызы-чуу чыккан жакка саламаттыкты сактоо министринин орун басары келгенин жана ал анализи таза чыккан адамдар үй карантинине жиберилерин айтканын окурман кошумчалады.
Бул тууралуу минстрликтен эч кандай маалымат тарата элек.
Соль-Илецкте обсервацияда жаткандардын нааразычылыгы
















1 |