Ички иштер министринин орун басары: "Үй карантиндин эрежесин бузган 65 адам жоопко тартылды"
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов бүгүн, 18-майда Өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Маалыматка ылайык, 28 миң 592 адам карантинге алынган. Ал эми алардын ичинен 18 миң 628 жаранга карантиндин эрежесин бузбоо талабы коюлган.
"Үй карантинин бузган 65 адам жоопко тартылды. Алардын 35ине 3 миң сомдон айып салынган. 16 жаранга экинчи категорияда айып салынды. Ал эми 10 адамдын иши сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Санитардык эрежени бузганы үчүн бир жаран айыпталууда. Ал мыйзам боюнча 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.