super.kg logo

Эки айдан бери айлыктары көтөрүлбөй жаткан бельгиялык дарыгерлер премьер-министрге артын салып, уяткарышты

 

Бельгияда коронавирус пандемиясына байланыштуу кооптуу жумушта иштеп жаткан медицина кызматкерлери акыркы эки айда айлыктары көтөрүлбөй, сый акы берилбей жатканына нааразычылыгын билдирип, премьер-министрге "уят коридорун" уюштурушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Каршылык акциясына 100 дарыгер жана медайымдар катышкан. Медицина кызматкерлери жолдун эки тарабына тизилип, премьер-министр Софи Уилместин кортежи келгенде баары кезеги менен артын салып туруп алышкан.

Кийинчерээк премьер-министр Софи Уилмес Сен-Пьер ооруканасына барган жолугушуусу тууралуу Твиттердеги баракчасына жазып чыккан. "Бул мага жана медицина кызматкерлери үчүн маанилүү диалог болду. Биз алардын ден соолугу, күчөтүлгөн режимде иштеп жаткандыгы, саламаттыкты сактоону каржылоо жана айлыктарын көтөрүү тууралуу баарлаштык", - деп жазган премьер-министр.






Бельгиянын врачтары премьер-министрди уят кылышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.05.2020. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин президентке рахмат дейли, нааразы боло бербей. азыр баарында кризис, айрыкча биздей өлкөлөрдө, ага карабай биздин өкмөт айлыктарды кечиктирбей өз убагында берип жатат. врачтарга 40минден ашык айлык акы берилди. канчалаган адамдар мамлекеттик бюджеттен эсебинен ооруканаларда, госницаларда жатышат
18.05.2020. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай бай өлкөлөр айлык акыны убагында бербей, сый акы кошуп бербей жатса Кыргызстан кедей мамлекетибиз карыз алып болсо дагы баарына төлөп жатат! Россия дагы 27 рубль кошуп төлөгөн больницалар бар экен, канчалаган медиктер кетти иштен! Биздин элибиз, кээ бир саясатчылар, 120 депутаттын көпчүлүгүнүн көзү көр болуп калган көрбөй! Рахмат президентке, өкмөткө ушунчалык иштеп жатканына, соль- илецктен дагы 1- болуп Кыргызстан алып чыкты өз жарандарын, ошого дагы ыраазы болбогон ХХХХХжүрөт!
Модератор admin_portal түзөттү 2020-05-19 12:19:14
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: