super.kg logo

Бишкекте карантиндик чектөөлөргө карабай түнкү клубдардын бири иштеп жаткан

 

Бишкекте коюлган чектөөлөргө карабай түнкү клубдардын бири иштеп жаткан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-майда түндө Бишкектеги Октябрь районунун мобилдик командасы ӨКМ, РИИБ, Санитардык-экологиялык инспекция жана акимиаттын кызматкерлери менен бирге "Ганбей" түнкү клубу иштеп жатканын жана анда кардарлар эс алып жүргөнүн аныкташкан.

Мындан тышкары "Арена" футбол талаасы да өз ишин улантып жаткан.

Аталган жайлар жабылып, Тартип бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо) менен протокол түзүлгөн. Бул беренеге ылайык 2-категориядагы айып пул (физикалык жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом салууга алып келет) салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: