Депутат: "Кыргыз-Казак чек арасында фуралар айыл чарба продукциялары менен кечээ күндөн бери өтө албай турат"
Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Абылкайыр Узакбаев Кыргыз-Казак чек арасындагы абал боюнча маалыматыңыз барбы деп айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевден сурады.
"Чек арада фуралар айыл чарба продукциялары менен кечээ күндөн бери өтө албай турат. Мен ошол жакка бардым, айдоочулар продукциялары эмне болорун сурап жатышат. Түшүм жыйноолор башталууда, бул боюнча тез арада чара көрүү керек", - деди депутат.
Чодуев казак тарап бул маселе боюнча себептерин айтпай жатканын билдирди. "Ал жакта фитосанитардык кызматынын кызматкерлери бар, алар саат сайын өзгөрүүлөр болсо айтып жатышат", - деди министр.
Депутат Нурбек Алимбеков бул маселе премьер-министрдин деңгээлинде чечиле турганын айтты. Өкмөткө тапшырма берүү керектигин кошумчалады.

