super.kg logo

Нарын шаарында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 100гө чукулдады. Мэрия район тургундарынан себепсиз шаарга кирбөөнү өтүнөт

 

Бүгүнкү күндө Нарын шаарында коронавирус илдети менен ооругандардын саны 77ге жетсе, айыгып чыккандардын саны 12ге жетти. Бул тууралуу Нарын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаарда ооругандардын саны көп болуп жатканына карабастан, Нарын шаарынын кире беришине коюлган санитардык-карантиндик постторго Нарын районунун тургундары абдан көп келип, оору жугузуп алуу коркунучун жаратышууда.

"Нарын облусунда жалгыз гана Ак-Талаа районунда коронавирус инфекциясын жугузуп алган учур каттала элек болчу. Берилген эскертүүлөргө баш ийбей жатышып, ал районго да вирус жетти. Алар Нарын шаарына келип вирус жуктуруп алышкан. Мындан улам берилген эскертүүлөрдү туура кабыл алып, ооруну оюн көрбөй сак бололу", - деп билдиришти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.05.2020. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деги тушунбой койдум.алдын ала деп жамандыкты чакырып 2мектепке кроваттарды тушуруп даярдап атышат.ал байкуш келин нарынга барып кесарево менен тороп келген.9унда.анан 4 5 кундон кийин эле ал келинден вирус чыкты деп ызылдап калышты.ал куноолу эмесда.нарындан чыгып аткандан кийин жаткыра турбайт беле.14кундо анан билинет деп коюп эле анан бир кун боло эле контакт болду деп 10кишини жаткызышты.эми башталат дарыгерлерге жукту деп
Эптеп акчаларын болуштуруунун амалы го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: