super.kg logo

Лондондо карантинге каршы чыккан 19 адам камалып, 10 кишиге айып салынды

 

17-майда Улуу Британиянын борбору Лондондо полиция кызматы 19 кишини камакка алды. Алар карантин эрежелерине каршы болуп акцияга чыккандар экенин чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, 19 киши карантиндин эрежелерин, анын ичинде адамдар менен болгон аралыкты сактаган жок деген жүйөө менен кармалган.

Алар шаардагы Гайд-Паркка топтолгон. Лондондун полициясы шаардын борбордук бөлүгүндөгү Гайд-Паркта топтолгон эл өкмөттүн COVID-19 пандемиясына карата көрүп жаткан аракеттерин тоготпой, тарап кетүү боюнча айтылган бир нече эскертүүлөрдү укпай койгонун маалымдаган. Офицерлер аларды таратуу аракеттерин да көрүшкөн. Бирок эл таптакыр тарабай койгондо алардын арасынан 19 кишини камакка алууга туура келген. Дагы 10 адамга айып салынган.

Соңку айда Англия өкмөтү карантин чараларын мурункудан жеңилдеткен. Ага ылайык, жашоочуларга сейил бакта жолугушууга уруксат берилген, бирок 2-3 кишиден көп болбошу керек деген эрежелер бар.

Белгилей кетсек, 17-майга карата Улуу Британияда коронавирус жуктургандар 240 миң 161 адам болсо, анын ичинен 34 миңден ашыгы бул оорудан көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: