Жогорку Кеңештин укук тартип боюнча комитети Башкы прокуратуранын отчётун канааттандырарлык деп тапты
Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде Башкы прокуратуранын отчёту каралды. Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылы аткарылган иштер боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Депутаттар тарабынан жаңы кодекстер боюнча, кылмыш иштери боюнча суроолор берилди.
Жыйынтыгында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин депутаттары Башкы прокуратуранын отчётун канааттандырарлык деп тапты.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Сиздер айткан бардык маселелерди жазып алдык, баарына жазуу иретинде жооп беребиз", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
-1

