super.kg logo

Баткендеги чырдан өрт жалмаган үйдүн ордуна жаңы үй курулуп жатат (сүрөт)

 

8-майда Баткен районундагы Кыргыз-Тажик чек арасында болгон чырдан улам өрттөлгөн үйдү калыбына келтирүү иштери учурда кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу үй-бүлө мүчөсү Айзада Хамдамова билдирди. Айтымында, учурда үй курулуп жатат жана аларга ар тараптан акчалай жардамдар да көрсөтүлүүдө.

Буга чейин күйгөн үйдүн чыгымдарын эсептөө, талашка түшкөн жерди чечүү максатында Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын деңгээлинде эки тараптуу сүйлөшүү болгон. Бирок али чыгым эсептелине электиги тууралуу маалымдалган. Ал эми жергиликтүү бийлик чек ара чырында өрттөлгөн үй тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөстөн, курула тургандыгын кабарлаган.

Эске салсак, 8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Тажик тарап чыр-чатак учурунда чек араны чок ортосунда жайгашкан кыргыз тарапка тиешелүү үйдү да өрттөп жиберишкен. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.

Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Ал 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.

Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Тажикстан нотага жооп берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(15)
18.05.2020. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Азаматтар чоон сонун кылып кургула ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2020-05-19 12:18:57
18.05.2020. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Уйду мамлекет куруп берсин.
18.05.2020. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аа дурус коп түкүрсө кол болот дейт ....
18.05.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Алла раазы болсун. Кооз сонун үй болуп бутсун. Ыйлаган апа кубанып калсынчы.
18.05.2020. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Калың ок өтпөй турган кылып кургула бункердей бышык болсун.Азаматсынар куруучулар спонсорлор.Эки четине дзот сыяктуу калың бетондоп тешиги бар кылып койгула. ХХХХ .
Модератор admin_portal түзөттү 2020-05-19 12:18:07
18.05.2020. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшылап траншея казып кусанар болмок бетонду.
18.05.2020. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол жердин элине рахмат!Ошончо кооптуу жайда жашаш кыйын.
18.05.2020. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Koop komnat kylyp salgyla. Brondop
19.05.2020. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш апанын канча сактаганы куйгондур уй турганы мн ичиндеги жоготкондору канча
19.05.2020. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arstan18.18, главное баш Аман. Калганы табыдат
19.05.2020. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттен эч кандай жардам болгон жок, элдин колдоосу,кайрымдуу инсандардын жардамы менен курулуп жатат деп да жазып коюш керек болчу...
19.05.2020. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла раазы болсун! Бирок компенсация эч жактан болбогону жаман экен эми жок дегенде ичин толтуруп берсин мамлекет
19.05.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге ал уйду орттогон адамдар жазалган жок? Каарыган адамдарды коруп туруп удйу орттогон акмактарды (тажиктерди) кармап маселени чечишпейт бул деген бир уй чон эле пррблема жана дагы биздин элди уяткарганы каалагандай кирип каалаган уйду орттоп, каалаган адамды атып журушсо кайсы бети мн отурушат тиги чондор?! Ии куйгузуп кетти орттоп кетти эми ондоп алабыз деп оозун ачып отурушабы даже уйго жардам кыла албаган депутаттардын пайдасынан зыяны коп парламентти жоюп эле салыш керек.
19.05.2020. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
И так карантинде элге эл жардам берип жатышат. Ар жактан карыз алып мамлекетти карызга тыгып отургузуп койуп былтыйып бир маселени чече албайсынар!!! Чек ара чек ара деп эле какшап келе жатышат эл не ужели суйлошуп бир жактык кылып тындырбайсынар
19.05.2020. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арам тамак аш болбойт бироонун акысы ото чон куноо айрыкча элдин акысы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: